Мазмунга өтүү

Биологиялык отун

Википедия — ачык энциклопедия

Биологиялык отун - био отун ажыроо процессинде жылуулук бөлүнүүчү түрдүү органикалык материалдар. Ал жылытманы (теплица), күнөскананы (парник) жана топуракты жылытуу үчүн колдонулат. Биологиялык отун катары жылкы, уй жана койдун кыгы, турмуш-тиричилик таштандысы, жыгач таарындысы, текстиль өнөр жайынын калдыктары, чирибеген чымкөң колдонулат. Биологиялык отунду кеч күздө тегерегин өз өзүнчө бекитип, ныктап, үстүнкү бетин жаап, температура 0-10°С де кармалат. Керектөөгө 2-3 жума калганда майдаланат. Түтөшүн тездетүү үчүн нымдуу кык кургагы менен аралаштырылат. Эгерде 1 жумада түтөп чыкпаса, анда ысытылган таш же өчүрүлбөгөн акиташты арасына коюш керек.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]