Биометрик түзүлүштөрү

Википедия дан

Биометрик түзүлүштөр адамдын колунун өлчөмүн, манжаларынын изи, коюлган колунун, көзү жана үн моделдеринин үлгүсү сыяктуу жеке белгилерин текшерүүнүн негизинде колдонуучуну таанып, аны системге кирүүгө уруксат берет. Биометрик түзүлүштөр жеке белгилерди сандык кодго которуп, компьютерде сакталган сандык код менен салыштырат. Эгерде компьютердеги сандык код, киргизилген сандык кодго дал келбесе системге кирүүгө уруксат берилбейт. Азыркы учурда коопсуздуктун биометрик түзүлүштө¬рүнүн көп түрлөрү колдонулат. Чыпалак же баш бармактын издери скандоочу түзүлүш менен алынат. Колдун өлчөмү, формасы ж.б. колдун геометриялык системи пайдаланылып өлчөнөт. Кол коюуда аткарылган басымды жана кыймылды биометрик калемдер аткарат. Биометрик түзүлүштөрү көздүн карегин, үндү, сүйлөгөн сөздөрдү сандык берилишке айландырып, алдын ала жазылып койгон сандык моделдер менен салыштырат.

Кошумча маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]