Мазмунга өтүү

Биофилдер

Википедия — ачык энциклопедия

Биофилдер - биофиль элементтери биосферадагы тирүү организмдердин курамында кездешүүчү химиялык элементтер. Аларга С, О, Н, N, S, P, Fe сыяктуу 70ке жакын элемент кирет. Бул элементтер организмде тийиштүү өлчөмдөн аз кездешсе, адамдарды ар түрдүү ооруларга чалдыктырат. Мисалы, тоолуу аймакта йод элементинин жетишсиздиги богок оорусунун күч алышына, ал эми чөйрөнүн булганышынын негизинде кээ бир элементтердин ашыкча болушу итайптай оорусунун өрчүшүнө өбөлгө түзөт. Ошондуктан биофилдердин организмдердин жашоо тиричилигинде мааниси зор болот.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]