Био мыйзамы
Био мыйзамы ― табигый оптикалык активдүүлүккө ээ болгон кристалл эмес заттардын (суюктук же активдүү эмес эриткичтеги эритмелердин) катмары аркылуу өтүүчү сызыктуу поляризацияланган жарыктын поляризациясы тегиздигинин айланышынын бурулуу бурчун аныктоочу мыйзам: φ=[α]lC, мында l –зат катмарынын калыңдыгы; С – анын консентрациясы; [α] - айлануунун туруктуу саны (кристаллда туруктуу айлануудан (α) айырмалаш үчүн эритмелерде бул коэффициент чарчы кашаага алынат). Мыйзамды 1815-жылы Ж.Б.Био ачкан.
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0