Биргелешкен ишмердик
Көрүнүш
Биргелешкен ишмердик – 1) эки же андан көп адамдардын (шериктештердин) жөнөкөй шериктештик келишими боюнча юридикалык жак түзбөстөн жана пайда алуу үчүн же мыйзамга каршы келбеген башка максаттарда өздөрүнүн салымдарын бириктирүүгө жана биргелешип ишмердик жүргүзүүгө милдеттенишет. Ишкерлик ишин жүргүзүү үчүн түзүлгөн жөнөкөй шериктештик келишиминин тараптары катары жекече ишкерлер жана/же коммерциялык уюмдар гана чыга алышат. Жөнөкөй шериктештик келишими жазуу жүзүндө түзүлүшү керек; 2) кооператив мүчөлөрүнүн анын түзүү документтерине негизденген жана өздөрүнүн материалдык ж. б. керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган ишмердиктери.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |