Бирдиктердин Зартри системасы

Википедия дан

Бирдиктердин Зартри системасы – негизги бирдиктери катары Бор радиусу α0 = 0,52917706· ·1010м (узундук бирдиги), электрондун массасы me=0,9109534 (47)·10-30 кг (масса бирдиги), электрондун заряды е=1,6021892(46)·10-19Кл (электр санынын бирдиги), Планк туруктуулугу ħ =h/2π=1,0545887(57)·1034Дж/сек. кабыл алынган бирдиктердин системасы.

Бул система бирдиктердин табигый системаларынын бири. Каралып жаткан системанын бир артыкчылыгы аны колдонуп түзүлгөн теориянын негизги закондору жөнөкөй түргө ээ болушунда, б. а. айрым формулалар өзүлөрүнүн сандык коэффициентинен кутулушат. Мис., суутектин атому үчүн Шрёдингер теңдемеси төмөнкүчө жазылат: Δψ+2(Е+1/r) ψ=0, мында r -радиалдык (радиус боюнча өзгөргөн) координата, Е - атомдун энергиясы, ψ - толкун функциясы, Δ - Лаплас оператору. Бирдиктердин Зартри системасы негизинен атомдук физикада, релятивдик эмес квант механикасында, атомдун жана молекулалардын түзүлүштөрү жана алардын өз ара аракеттешүүлөрү менен байланышкан маселелерди чыгарууда колдонулат. Ошондуктан хартри системасы көп учурда “атомдук бирдиктердин системасы “ деп аталат. Бирдиктердин Зартри системасын 1928-ж. Д.Р.Хартри түзгөн. Б. х. с-нда убакыт бирдиги 2,419·1017сек, энергиянын бирдиги 4,359·10-11 эрг. (к. Бирдиктер системасы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]