Мазмунга өтүү

Бирдиктердин МКСК системасы

Википедия — ачык энциклопедия

Бирдиктердин МКСК системасы (MKSK системасы) – негизги бирдиктери метр, килограмм (масса), секунда, кельвин болгон жылуулук чоңдуктарынын бирдиктер системасы.

Мында «кельвин» (К) термодинамикалык температуранын бирдиги. Бирдиктердин МКСК системасына термодинамикалык температуранын бирдиги «кельвинди» кошуп, жылуулуктун МКСКдагы бирдиктеринин системасы алынат. «Жылуулук бирдиктеринин» ГОСТ 8550 – 57 1961-ж. ГОСТ 8550 – 61 ге алмаштырылып, Б. МКСК с. киргизилген. Б. МКСК с.-нда термодинамикалык жана Эл аралык практикалык температуралык шкалалар колдонулат. Температуранын кельвинге (К) барабар болгон градус цельсий бирдиги (°С) да колдонулат. Адатта 0°Сден төмөнкү температурадагы Кельвиндин температурасы менен мүнөздөйт, ал эми 0°Сден жогорку температураларда – цельсийдин температурасы (t) көбүрөөк колдонулат: t = T – T0, мында Т0=273,15 К туюнтмасы менен байланышкан. Эл аралык практикалык температуралык шкаладан (ЭПТШ - 68) Кельвиндин Эл аралык практикалык температурасынан (Т68 менен белгиленет) Цельсийдин Эл аралык практикалык температурасын (t68) айырмалайт жана алар t68 = Т68 –273,15 К туюнтмасы менен байланышкан. Кельвин жана Цельсий градусу Т68 жана t68 чоңдуктарынын бирдиктери болуп саналат. Жылуулуктун туунду бирдиктери Кельвин жана Цельсий градусу менен туюнтулат. Бирдиктердин МКСК системасы бирдиктердин Эл аралык системасынын бир бөлүгүн түзөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]