Бирдиктердин СГС системасы

Википедия дан

Бирдиктердин СГС системасы – негизги бирдиктери сантиметр, грамм, секунда болгон физикалык чоңдуктардын бирдиктер системасы.

1881-ж. электриктердин Эл аралык 1-конгрессинде б. CGC (орусча СГС) с. Гаусстун сунушу боюнча механикалык, электрдик жана магниттик чоңдуктары үчүн кабыл алынган. Конгресс үч негизги бирдиктен – сантиметр, грамм, секундадан тышкары төмөнкү бирдиктерге атайын ат берген: күчтүн бирдигине – дина (1 г/см/сек2=1 дин) жана энергиянын бирдигине эрг (1 г/см2/сек2=1 дин 1 см=1 эрг). Бул конгресс андан тышкары электр-динамика үчүн СГСтин эки системасын киргизген: электр-магниттик (CGSM же СГСМ) жана электр-статикалык (CGSЭ жана СГСЭ). Бирдиктердин СГСМ системасы Кулондун магниттик заряддар үчүн законуна негизделип түзүлгөн. Мурда, Гаусс жана Кулон жашаган мезгилде электрдик заряд сыяктуу эле магниттик да заряд бар деп эсептелген. Ошондуктан Кулондун закону магниттик кубулуштарга колдонулган. Кийинки изилдөөлөр көрсөткөндөй жаратылышта магниттик заряд жок. Магниттик өткөрүмдүүлүк өлчөмсүз чоңдук жана вакуумда бирге (μ0=1) барабар деп кабыл алынган. СГСМдин бардык туунду бирдиктери ток күчүнүн бирдиктери боюнча аныкталган. Конгресс бирдиктердин төмөнкү аттарын кабыл алган: магниттик индукция үчүн – гаусс (Гс), магниттик талаанын чыңалышы үчүн - эрстед (Э), магниттик кыймылдаткыч күч үчүн – гильберт (Гб). СГСМ системасында электрдик чоңдуктар үчүн ампер берилген эмес. Бирдиктердин СГСЭ системасы Кулондун электр заряддары үчүн законуна таянып түзүлгөн. Вакуумдун электрдик өткөрүмдүүлүгү өлчөмсүз чоңдук жана 1ге (ε0 = 1) барабар деп кабыл алынган. СГСЭ системасынын бардык туунду бирдиктери электр санынын бирдиги боюнча аныкталган. СГСЭ системанын бирдиктерине атайын аттар берилбегендиктен жана алардын өлчөмдөрү иш жүзүндө колдонууга кыйла ыңгайсыз болгондуктан, ал негизинен физиканын жана астрономиянын теориясында гана кеңири колдонулган. 20-кылымдын 2-жарымында бирдиктердин СГС гаусс системасы (же бирдиктердин СГС симметриялуу системасы, же бирдиктердин аралашма гаусс системасы) деп аталган, эки СГСМ жана СГСЭ системаларын бириктирип турган система физикада кеңири тарады. Бул системада бардык электрдик бирдиктер СГСЭде, ал эми магниттик бирдиктер СГСМде берилет жана ε0 = 1, μ0 = 1 деп кабыл алынган. Адатта СГС системасы үч гана бирдикти – сантиметр, грамм жана секунданы негизги бирдиктер катары кабыл алган жана жылуулук кубулуштарын өздөштүргөндө төртүнчү негизги бирдик катары температуранын бирдиги кельвин (К) (СГС0С), жарык кубулуштарында жарык агымынын бирдиги люмен (СГСЛ), молекулалык жана атомдук физикада – зат санынын бирдиги моль, ал эми иондоочу нурланууда жана радиоактивдүүлүктө – рентген (СГЕР) кабыл алынган. Б. СГС с. өзүнүн түзүлүшү боюнча абдан ырааттуу система. Электр-магниттик кубулуштарды жазууда жана салыштырмалуулук теориясына караганда СГС системасында бир гана турактуу чоңдук болгон жарыктын ылдамдыгы кездешет. Ошондуктан СГС системасы илимий изилдөөлөрдө, окуунун жүрүшүндө жана айрым инженердик эсептөөлөрдө кеңири колдонулган. Бул системанын негизги кемчилиги анын бирдиктеринин иш жүзүндө аз колдонулушу. Бирок СГС системасындагы бирдиктер менен жүргүзүлгөн эсептөөлөр өтө ыңгайлуу жана жөнөкөй. Анткени СГС системасында жазылган закон СИдегиге караганда эсептөөгө абдан ыңгайлуу. Мис., Кулондун закону СГС системасында F = q1q2/r1,2, ал эми СИде F= = q1q2/40r1,2 түрүндө жазылат. Мында q1 жана q2 – чекиттик заряддын электр сандары, r1,2 – алардын арасындагы аралык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]