Бирдиктердин табигый тутуму
Бирдиктердин табигый тутуму — негизги бирдиктер үчүн физикалык универсалдык турактуу чоңдуктар алынып түзүлгөн бирдиктер тутуму.
М. Йланк сунуш кылган (1906) бирдиктердин бул тутумунда негизги бирдиктер үчүн гравитациялык турактуулук, вакуумдагы жарык ылдамдыгы, Больцман жана Планк турактуу сандары, Авогадро саны, электрондун заряды ж. б. алынган. Кадимки бирдиктер тутумунда негизги бирдиктердин өлчөмдөрү эркиң түрдө тандалып алынат да, ар кандай физикалык формулалардан коэффи-ңиенттердин маанилери аныкталат. Ал эми Бирдиктердин табигый тутумунда негизги бирдик үчүн универсалдык турактуу сан болуп эсептелген ушул коэффициент-тердин өздөрү алынып, алар аркылуу түрдүү физикалык чоңдуктардын бирдиктери аныкталат. Бирдиктердин бул тутуму илим изилдөөдө колдонулат. Бирдиктердин табигый тутумундагы туунду чоңдуктардын маанилери эң кичине же чоң сан болгондуктан, практикада колдонуу ыңгайсыз.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.