Бирдиктүү таксономиялык маалымат кызматы
| Бирдиктүү таксономиялык маалымат кызматы | |
| | |
| URL | |
|---|---|
| Сайттын түрү |
Биологиялык түрлөр боюнча берилмелер базасы |
| Жеткиликтүү тилдер | |
| Ачылган күнү |
27-февраль 1996 |
| Учурдагы абалы |
Колдонууда |
Бирдиктүү таксономиялык маалымат кызматы (англ. Integrated Taxonomic Information System, ITIS) — бардык биологиялык түрлөр боюнча толук жана ар тараптуу ачык таксономиялык маалымат базасын түзүү жана колдоо максатында түзүлгөн өкмөттөр аралык өнөктөштүк. АКШ, Канада жана Мексика, ошондой эле башка уюмдар менен адистери бул кызматташтыкта.
Бул кызмат 1990-жылдардын ортосунда АКШнын бир катар федералдык мекемелеринин, анын ичинде Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук табият тарыхы музейинин колдоосу менен негизделген[1][2]. Долбоордун баштапкы максаты Түндүк Американын таксондору боюнча таксономиялык маалыматтарды камсыз кылуу болгон.
ITIS маалымат базасында ар бир аталышка, анын таксономиялык макамына же иерархиядагы ордуна карабастан, өзгөчө идентификациялык номер (ID) ыйгарылат. Маалымат базасынын түзүмү толугу менен документтештирилген. Базанын бардык маалыматтары SQL схемасы жана тексттик файлдар түрүндө FTP аркылуу жүктөп алууга жеткиликтүү. Бул ITIS маалыматтарын биологиялык ар түрдүүлүк информатикасы жаатындагы долбоорлордо таксономиялык маалыматтардын булагы катары пайдаланууга мүмкүндүк берет[1].
2017-жылга карата бул маалымат базасында 840 миңден ашуун илимий аталыш камтылган[3].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1 2 Page, D. M. R. A Taxonomic Search Engine: Federating taxonomic databases using web services". (англ.) // BMC Bioinformatics. — 2005. — Vol. 6, no. 48. — doi:10.1186/1471-2105-6-48.
- ↑ Pauly G. B., Hillis D. M. and Cannatella D. C. Taxonomic Freedom and the Role of Official Lists of Species Names (англ.) // Herpetologica. — 2009. — Vol. 65, no. 2. — P. 115—128. — JSTOR 25621882.
- ↑ Mitchell D., Bowman L., Brockmeier C. Building a Taxonomic Data Editor: ITIS Taxonomic Workbench 6.0 (англ.) // Biodiversity Information Science and Standards. — 2017. — P. e19965. — doi:10.3897/tdwgproceedings.1.1965.