Мазмунга өтүү

Бирдик өлчөмү

Википедия — ачык энциклопедия

Бирдик өлчөмү (чени) – тиешелүү физикалык чоңдуктун (убакыттын, массанын, узундуктун ж. б.) бирдигинин сан мааниси.

Мис., узундуктун негизги бирдиги 1 м СГС системасында 100 см, же бирдиктердин системаларынан тышкары 1000 мм, же 1010 Е ге барабар. Кандайдыр бир бирдиктер системасындагы (мис., СИде, СГСте ж. б.) негизги бирдиктердин өлчөмдөрү аларды тандап алууда аныкталат жана үлгүнүн (эталон) жардамы менен каалаган учурда калыбына келтирилип турат. Мис., жалпы бурчтун бирдиги радиан (рад) узундугу ар кандай айлананын радиусуна барабар жаага таянган эки радиустун арасындагы бурчка барабар. Бул бурчтун чоңдугун каалаган учурда өлчөөгө мүмкүн. Ошондуктан ушул бурч үлгүнүн милдетин аткарат. Негизги бирдиктердин өлчөмдөрү аркылуу берилген системанын туунду бирдиктеринин өлчөмдөрү аныкталат. Мис., аянттын жана көлөмдүн бирдиктери узундук бирдиги аркылуу туюнтулат: м2, м3. Сандардын ондук системасынын жардамы менен ар кандай өлчөмдөгү бирдиктердин катары (ээленген бирдиктер жана үлүштөлгөн бирдиктер) түзүлөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]