Биржа комитети (кеңеши)
Көрүнүш
Биржа комитети (кеңеши) – биржаны башкаруу (АКШда – Башкаруучулар кеңеши, Улуу Британияда – Биржа кеңеши) органы. Биржа мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда белгилүү мөөнөткө шайланат. Негизги аткаруучу иштери: а) аткарым жүргүзүү эрежелерин жана биржага мүчөлөрдү кабыл алууну иретке салуучу уставдын аткарылышына көзөмөлдүк кылуу; б) баалуу кагаздарга жол берүүгө жана биржа бюллетенин чыгарууга байкоо жүргүзүү; в) далдалчыларды дайындоо; г) биржа мүчөлөрүнүн, ошондой эле алар менен алардын кардарларынын ортосундагы пикир келишпестиктерди талдоо, чечүү; д) башка уюмдар (анын ичинде мамлекеттик дагы) жана басмасөз менен байланышуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |