Биржа тооруктарынын келүүчүлөрү
Көрүнүш
Биржа тооруктарынын келүүчүлөрү – биржага мүчө болбогон, бирок анын уюштуруу документтерине ылайык биржалык бүтүмдөрдү түзүүгө укуктуу жеке жана юридикалык жактар. Б. т. к. туруктуу жана бир жолку болушу мүмкүн. Туруктуу келүүчүлөр – биржа мүчөлөрү үчүн белгиленген тартипте жана шарттарда, бирок айрым өзгөчөлүктөр менен биржалык ортомчулукту жүзөгө ашырууга укуктуу брокердик фирмалар, брокердик кеңселер же көзкарандысыз брокерлер. Туруктуу Б. т. к. биржа кызматынан пайдаланышат жана биржанын тийиштүү башкаруу органы аныктаган өлчөмдө биржа тооруктарына катышуу укугу үчүн акы төлөөгө милдеттүү. Бир жолку Б. т. к. өз атынан жана өз эсебинен айкын товарга гана бүтүм түзүүгө акысы бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |