Бириккен Араб Эмирликтеринин дирхамы
| Бириккен Араб Эмирликтеринин дирхамы (кырг.) | |||||
|---|---|---|---|---|---|
|
UAE Dirham (аңгл.) | |||||
| |||||
| Коддор жана белгилер | |||||
| ISO 4217 коддору | AED (784) | ||||
| Символдор | |||||
| Жүгүртүү чегарасы | |||||
| Эмитент | |||||
| Туунду жана параллелдүү бирдиктер | |||||
| Бөлчөктүү | Филс (1⁄100) | ||||
| Жүгүртүүдөгү банкноттор жана монеталар | |||||
| Монеталар | 1, 5, 10, 25, 50 филс жана 1 дирхам | ||||
| Банкноттор | 5, 10, 20, 50, 100, 200, 500, 1000 дирхам | ||||
| Тарыхы | |||||
| Мурда колдонулган валюта | Катар жана Дубай риалы Бахрейн динары | ||||
| Банкноттор жана монеталар өңдүрүшү | |||||
| Эмиссиялык борбор | Бириккен Араб Эмирликтеринин Борбордук банкы | ||||
| www.centralbank.ae | |||||
| Курстар 10 Апрель 2015-жылга көрсөтүлгөн | |||||
| 1 KGS | = 0,0573 AED | ||||
| 1 USD | = 3,673 AED | ||||
| 1 EUR | = 3,882 AED | ||||
| 1 GBP | = 5,371 AED | ||||
| 1 JPY | = 0,03048 AED | ||||
| Курстар ЭВФ, ЕББ жана КРУБ маалыматтары боюнча автоматтык түрдө жаңыртылып турат. | |||||
| 2025-жылдык инфляция | |||||
| Инфляция | 1,69% | ||||
БАЭ дирхамы (ар. درهم إماراتي, англ. UAE Dirham) же Бириккен Араб Эмирликтеринин дирхамы — Бириккен Араб Эмирликтеринин акча бирдиги. ISO 4217 стандарты боюнча тамга коду — AED, сандык коду — 784. Расмий белгиси —
[2], эмитенти — Бириккен Араб Эмирликтеринин борбордук банкы. Бир дирхам 100 филстен турат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Дирхам» аталышы гректердин δραχμή (drakhmé) сөзүнөн келип чыккан. Кылымдар бою соода-сатыкта валюта катары колдонулгандыктан, дирхам Осмон империясынын тушунда да өз маанисин жоготкон эмес.
1966-жылга чейин, азыркы Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) курамына кирген бардык эмирликтерде индия рупийинин курсуна байланган Перс булуңунун рупийин (Gulf rupee) жүгүртүүдө болгон.
1966-жылы 6-июнда Индияда Перс булуңунун рупийинин курсун индия рупийине карата арзандатуу (девальвациялоо) жөнүндө чечим кабыл алган. Бул өзгөрүүгө макул болбогон жана Перс булуңунун рупийин колдонуп келген бир нече мамлекеттер өздөрүнүн же башка валюталарга өтүшкөн[3].
Келишимдик Омандын, Бириккен Араб Эмирликтеринин Абу-Даби эмирлигинен башка бардык эмирликтери Катар жана Дубай риалын кабыл алышкан. Бул риал девальвацияга чейинки Перс булуңунун рупийи менен бирдей наркта болгон. Перс булуңунун рупийинен Катар жана Дубай риалына өтүү мезгилинде, бул мамлекеттер кыска убакытка Сауд Арабиясынын риалын да колдонуп турушкан[4].
Ал эми Абу-Даби бахрейн динарын колдонуп, курсун 10 Перс булуңунун рупийи 1 динарга барабар деп белгиленген.
1973-жылы БАЭ дирхамды өзүнүн расмий валютасы катары кабыл алган. Натыйжада, Абу-Даби Бахрейн динарынын ордуна БАЭ дирхамын (1 динар = 10 дирхам) колдоно баштаган. Ал эми калган эмирликтер Катар жана Дубай риалын дирхамга бирге-бир (1:1) катнашында алмаштырылган[5].
Дирхамдын символу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2025-жылдын март айында БАЭнин Борбордук банкы дирхамдын валюталык белгисин жарыялады. Анын дизайны (БАЭнин желегинен окшоштурулуп жасалган) учтары ийилген эки горизонталдуу сызыктын латын D тамгасынын үстүнө түшүрүлү менен чагылдырылган[6]. Бул белгинин компьютердик шрифттерде колдонуу үчүн Unicode'до азырынча кодпойнту (коду) жок.
Монеталар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1973-жылы 1, 5, 10, 25 жана 50 филс, ошондой эле 1 дирхам номиналындагы монеталар жүгүртүүгө чыгарылган. 1, 5 жана 10 филс монеталары колодон, ал эми жогорку номиналдагы монеталар жез-никель эритмесинен (купроникелден) жасалган. Филс монеталарынын өлчөмү жана курамы ошол кездеги Катар жана Дубай дирхамынын монеталары менен бирдей болгон. 1995-жылы 5, 10, 50 филс жана 1 дирхам монеталарынын өлчөмдөрү кичирейтилген, ал эми жаңы 50 филс монетасы тең жактуу жети бурчтук (гептагоналдык) формасында болгон.
Монетанын наркы чыгыш-араб сандары менен, ал эми тексттери араб жана англис тилинде жазылган.
1, 5 жана 10 филс монеталары күнүмдүк жашоодо сейрек колдонулганына карабастан, негизинен коллекционерлер үчүн жана эстелик катары БАЭнин Борбордук банкы аларды чыгарууну улантууда.
1976-жылдан бери Бириккен Араб Эмирликтеринин Валюта башкармалыгы (азыркы Борбордук банкы) БАЭдеги ар кандай окуяларды жана башкаруучуларын даңазалаган бир нече эстелик монеталарын чыгарган.
Банкноттор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Учурда 5 дирхам, 10 дирхам, 20 дирхам, 50 дирхам, 100 дирхам, 200 дирхам, 500 дирхам жана 1000 дирхам номиналдарындагы банкноттор жүгүртүүдө.
Банкноттордун алдыңкы бетиндеги тексттер чыгыш-араб сандары менен араб тилинде жазылган, ал эми арткы бетиндеги тексттер араб сандары менен англис тилинде жазылган.
Экинчи серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Экинчи серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Басып
чыгарылгын датасы |
Колдонуудан
чыгарылган датасы | ||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | |||||||
| 5 | 143x60 | Күрөң | Борбордук базар, Шаржа | Түндүк Эмирликтердин пейзажы, Шаржадагы Салем Аль Мутава мечити | 1982-жыл | |||
| 10 | 147x62 | Жашыл | Канжар | ферма чарбасы | ||||
| 20 | 149x63 | Көгүш | Крик гольф жана яхта клубу, Дубай | дау кайыгы | 1997-жыл | |||
| 50 | 151x64 | Кызгылт көк | Орикс | Аль-Жахили чеби (Эль-Айн) | 1982-жыл | |||
| 100 | 155x66 | Кызыл | Аль-Фахиди чеби, Дубай | Дубайдагы Дүйнөлүк соода борборунун имараты | ||||
| 200 | 157x67 | Кызгылт сары | Шарият сотунун имараты,
Зайед шаардык спорт стадиону, Абу-Даби |
Борбордук банктын имараты, Абу-Даби | 1989-жыл | |||
| 500 | 159x68 | Көк | Ителги | Жумейра мечити | 1983-жыл | |||
| 1000 | 163x70 | Бирюза түстүү | Каср аль-Хосн, Абу-Даби | Абу-Дабиге болгон көрүнүш | 1998-жыл | |||
Үчүнчү серия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Үчүнчү серия | ||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Сүрөт | Номинал | Өлчөмү (мм) | Түсү | Сүрөттөөмөсү | Басып
чыгарылгын датасы |
Колдонуудан
чыгарылган датасы | ||
| Алдыңкы бети | Арткы бети | |||||||
| 5 | 143x66 | Күрөң | Ажман чеби | Дайя чеби | 2022-жыл 26-апрель | |||
| 10 | 147x66 | Жашыл | Шейх Зайеддин чоң мечити (Абу-Даби) | Хор-Факкан амфитеатры (Шаржа) | 2022-жыл 21-апрель | |||
| 50 | 151x66 | Кызгылт көк | БАЭнин негиздөөчүлөрү | Шейх Зайед биримдик документине кол коюда, Этихад музейи (Дубай) | 2021-жыл 23-декабрь | |||
| 100 | 155x66 | Кызгылт | Умм-эль-Кувейн улуттук чеби | Фужейранын порту | 2025-жыл 24-март | |||
| 500 | 159x66 | Көгүш | Terra Sustainability павилиону (Дубай) | Келечек музейи, Эмирлик мунаралары, Бурж Халифа | 2023-жыл 30-ноябрь | |||
| 1000 | 163x66 | Зайтун сыяктуу күрөң | Шейх Заиддин «Үмүт» иликтөөсү | Барака АЭСи (Абу-Даби) | 2023-жыл 10-апрель | |||
Валюта алмаштыруу курсунун режими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Базардагы курсу |
|---|
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Индекс инфляции Объединенных Арабских Эмиратов
- ↑ مصرف الإمارات العربية المتحدة المركز. The Guidelines for the National Currency Symbol “UAE Dirham”
- ↑ Деловые Эмираты. История эмиратского дирхама: старинная валюта молодой страны
- ↑ Валюта ОАЭ: дирхам, история и какие деньги в Дубае и Абу-Даби
- ↑ EBC Financial Group. Что такое валюта AED?
- ↑ Gulf News. New symbol revealed for UAE dirham in physical, digital forms