Мазмунга өтүү

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы

Википедия — ачык энциклопедия
Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы
Бириккен Улуттар Уюмунун эн белгиси

Антониу Гутерриш. 2021-жыл
Кызматты ээлеген
Антониу Гутерриш
1-январь 2017-жыл тарта
Расмий резиденциясы

Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасы

Дайындалган мөөнөтү

5 жыл, жаңы мөөнөткө кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү менен

Кызматтын пайда болгону

26-июнь 1945-жыл

Кызматтын биринчи ыйгарылганы

Глэдвин Жебб (м. а.)
24-октябры 1945
Тругве Ли
1-февраль 1946

Сайты

www.un.org/sg

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы (англ. United Nations Secretary-General) — Бириккен Улуттар Уюмунун башкы административдик кызматкери.

Катчылыкты Башкы катчы жетектейт, ал Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча Башкы Ассамблея тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалат жана кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү бар. Учурда БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсүнүн жараны Башкы катчы болуп лайындалбайт деген жентлмен (жигиттик) макулдашуу бар. Башкы катчынын беш жылдык мөөнөткө кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүгү чектелбесе да, бул кызматты эч ким эки жолудан ашык ээлеген эмес.

Башкы катчынын резиденциясы Нью-Йорк шаарынын Тертл-Бей кварталындагы БУУнун штаб-квартирасы[1].

Башкы катчы Коопсуздук Кеңешин эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого коркунуч келтирген көйгөйлөр тууралуу маалыматтар менен камсыз кылат. Башкы катчы эч кандай өкмөттөн же мамлекеттик бийликтерден көрсөтмө албайт. Ал Бириккен Улуттар Уюмунун алдында гана жооптуу. Башкы катчы БУУнун Катчылыгынын кызматкерлерин Башкы Ассамблея тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык дайындайт.

Кызмат мөөнөтү жана шайлоо процесси

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы катчы беш жылдык мөөнөткө шайланат. Талапкерлерди кароо жабык эшик артында, Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан гана жүргүзүлөт. Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү каалаган талапкерге вето коюуга укуктуу. Бакшы катчыны шайлоодо "аймактык принцип" колдонулат. Акыркы чечимди Башкы Ассамблея кабыл алат жана Башкы катчыны аккламация жолу менен шайлайт[2].

Аймактык тең салмактуулук принциби

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийликти басып алууну (узурпацияны) болтурбоо үчүн, Башкы катчылыкка дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген өкүлдөр дайындалышы керек[3][4].

Жалпы кабыл алынган тажрыйбага ылайык, Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү болгон өлкөлөрдүн өкүлдөрү Башкы катчылык кызматты ээлебеши зарыл. Аймактык принципти бекиткен жалгыз документ — бул Башкы Ассамблеянын 1997-жылдагы резолюциясы. Окуялардын хронологиясынан көрүнүп тургандай, бул принцип толугу менен сакталбай келет[5].

Катчылыктын имараты (бийиктиги 154 метр) жана Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасынын борбордук бөлүгү.

Бириккен Улуттар Уюмунун аймактык топтору

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бириккен Улуттар Уюмунун аймактык тобу Башкы катчылар Кызмат мөөнөтү
Батыш Европа жана башка мамлекеттер тобу 4 5
Чыгыш Европа мамлекеттеринин тобу 0 0
Латын Америкасы жана Кариб деңизинин мамлекеттеринин тобу 1 2
Азия жана Тынч океан мамлекеттеринин тобу 2 3
Африка мамлекеттеринин тобу 2 3

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчылары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
ЫсымыӨмүр жылдарыСүрөтӨлкөЫйгарым укуктардын башталышыЫйгарым укуктардын аякташы
Глэдвин Жебб
(м.а.)
25-апрель 1900 — 24 октябрь 1996 Улуу Британия24-октябрь 1945[6]1-февраль 1946[6]
1 Тругве Ли16-июль 1896 — 30 декабрь 1968 Норвегия2-февраль 1946[7]10-апрель 1952[7]
2 Даг Хаммаршөлд29-июль 1905 — 18-сентябрь 1961 Швеция10-ноябрь 1952[8]18-сентябрь 1961[8]
3 У Тан22-январь 1909 — 25- ноябрь 1974 Бирма30-ноябрь 1961[9]1-январь 1972[9]
4 Курт Валдхайм21-декабрь 1918 — 14- июнь 2007 Австрия1-январь 1972[10]1-январь 1982[10]
5 Хавьер Перес де Куэльяр19-январь 1920 — 4-март 2020 Перу1-январь 1982[11]1-январь 1992[11]
6 Бутрос Бутрос-Гали14-ноябрь 1922 — 16- февраль 2016 Египет1-январь 1992[12]1-январь 1997[12]
7 Кофи Аннан8-апрель 1938 — 18- август 2018 Гана1-январь 1997[13]1-январь 2007[13]
8 Пан Ги Мун13-июнь 1944 Корея Республикасы1-январь 2007[14]1-январь 2017[14]
9 Антонио Гутерриш30-апрель 1949 Португалия1-январь 2017[15]азыркы учурда

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]