Бириккен Улуттар Уюмунун катчылыгы
Көрүнүш
Буу катчылыгы – башка органдардын ишин тейлөөчү жана алардын чечимдери менен сунуштарын ишке ашыруучу БУУнун башкы органдарынын бири; административдик-техникалык иш-милдетти аткарат, т. а. айрым материалдарды даярдайт; баяндамаларды, резолюцияларды ж. б. БУУ материалдарын которот, бастырат, таркатат; жыйындарда оозеки чыгып сүйлөөлөрдү которот; жыйындардын стенографиялык жана кыскача отчетторун бастырат, таркатат; БУУ документтерин архивде сактоо иштерин жүргүзөт ж. б. у. с. Ал БУУнун Башкы катчысынан жана тийешелүү кызмат адамдарынан турат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7