Бириккен Улуттар Уюмунун уставы
| БУУнун уставы | |
| Бириккен Улуттар Уюмунун уставы | |
| БУУнун Уставынын англис тилиндеги кириш сөзү | |
| Келишимдин түрү |
эл аралык келишим |
|---|---|
| Кол коюлган датасы | |
| Кол коюлган орду | |
| Күчүнө кирген | |
| Кол койгондор |
50 мамлекет |
| Тараптар |
193 мамлекет |
| Депозитарий |
Federal Government of the United States |
| Сакталган жайы |
Улуттук архивдер жана документация башкармалыгы (АКШ) |
| Макамы |
күчүндө |
| Тилдери |
англис тили, араб тили, испан тили, кытай тили, орус тили, француз тили |
| Сайты | |
БУУ уставы – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлердик биримдикке каршы коалициянын зордөөлөт мамлекеттери (СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) тарабынан иштелип чыгып, 1945-жылдын 25-июнунда 50 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан Сан-Францискодогу Конференцияда бир добуштан кабыл алынган көп тармактуу эларалык келишим. Устав алгы сөздөн, 19 главадан, 111 статьядан жана БУУнун Эларалык Сотунун Статутунан турат. Уставда анын баардык мүчөлөрүнүн эгемен теңчилиги; зор дөөлөт мамлекеттердин – БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бирдей пикири (бөгөт коюу укугу); анын баардык мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди акниеттүүлүк менен аткаруусу; эларалык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУ мүчөлөрүнүн кандай гана мамлекет болбосун, анын аймактык колтийгистигине жана саясий көзкарандысыздыгына каршы корутуп-үркүтүүдөн же күч колдонуудан баштартышы; баскынчыларга каршы мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерге БУУнун көмөк көрсөтүүсү; БУУнун мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөсү. Устав БУУ мүчөлүгүнө кабыл алуу тартибин, башкы органдардын (Башкы Ассамблеянын, Коопсуздук Кеңешинин, Камкордук боюнча Кеңешинин, Эларалык Соттун, Катчылыктын) түзүмү менен иш-милдетин жөнгө салат; зарыл болуучу көмөкчү органдарды түзүү укугу (7-статья); эларалык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУнун тынчтыкка коркунуч туулгандагы, тынчтык бузулгандагы, баскынчылык болгондогу иш-аракети; аймактык эларалык уюмдар менен макулдашуулардын ж. б. БУУ иштери боюнча маселелердин укуктук статусу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7