Биримдик

Wikipedia дан

Биримдик (мамлекеттер аралык, улуттук, социалдык, таптык, топтор аралык) – кызматташтыктын конкреттүү маселелерин чечүүнү коомдун субъектилеринин мамилесинин жогорку деңгээлде уюштурулушу. Биримдик диалог, сүйлөшүүлөр, көбүнчө юридикалык жактан бекитилет да, декларация, келишимдерде жарыяланат. Дүйнөлүк цивилизациянын жашоосу үчүн азыр ар түрдүү партиялардын болушу маанилүү.Биримдик бир нече компоненттерден турат:
1) Биримдиктин материалдык базасы – өндүргүч күчтөрдүн деңгээли, ал аралык эмгектин бөлүнүшү, технология, социалдык күчтөр, идеологиялык күчтөр, жалпыга бирдей эл аралык укук нормалары;
2) Биримдиктин маңызы – мамилелердин субъектеринин өз ара ишеним мамилеси, достугу, эки жактуу ишеним, саясий, маданий, социалдык турмушту интернационалдаштыруу;
3) Биримдиктин мазмуму – объективдүү, субъективдүү мамилелердин жыйындысы;
4) Биримдиктин формасы мамилени уюштуруу ыкмасы;
5) Биримдиктин субъекттери – партиялар, таптар, катмарлар, топтор, мамлекет, коомдук уюмдар ж. б.
6) Биримдик тин объектилери – ички жана тышкы кыйынчылыктарды чечүүдө ишмердүүлүк багытталган нерсе;
7) Биримдик тин принциптери – конституция, уставда бекитилген юридикалык норма, эрежелердин жыйындысы;
8) Биримдик тин фактору – Биримдик чакырган объективдүү жана субъективдүү шарттардын өз ара аракеттениши;
9) Биримдик керектөөлөрү субъектилердин керектөөлөрү, ички жана тышкы шарттардан кийин келип чыгат. Биримдиктин мааниси – пайда болгон маселени чечүүдө субъекттер биригишет да, жаңы системалуу мыйзам ченемдүүлүктөр пайда болот.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу рекдактор: А. Акунов Ред. кеңеш: Б. Солтонбеков (төрага), А. Акунов, Т. Ожукеева, К. Байболов, ж.б