Биринчи Май (Ат-Башы району)

Биринчи Май, Ат-Башы району‎»‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Биринчи Май
Район Кыргызстан
Координаттар 41°10′26″ с. ш. 76°02′45″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Мурунку аталышы Жол-Богошту,Богошту
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 906 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996
Почта индекси 722608
Биринчи Май (Ат-Башы району) (Кыргызстан)

Биринчи МайКыргызстандын Нарын облусунун Ат-Башы районундагы айыл. Талды-Суу айыл аймагына кирет.

Жол-Богошту жана Туюк Богошту сууларынын ортосунда жайгашкан. Нарын облусунун түштүк тарабында жайгашкан. Талды-Суу административдик борборунан 7 км чыгыш тарапта, Ак-Моюн айылынан 5 км түндүк тарапта жайгашкан. Калктын 99,9% Черик уруусунан турат. Айылда Т. Тынымбаев атындагы 11 жылдык орто мектеби, бир ФАП, 1 айылдык китепкана иштейт.

Атактуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жумамүдүн Шералиев[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул айылдан убагында айтылуу композитор Жумамүдүн Шералиев (1915-жыл, 3-сентябрь) чыккан. Ал 600дөн ашык обон жаратып, көпчлүгү эл оозунда айтылып калган. Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын музыкалык алтын корунда 223 чыгармасы сакталып турат. Орошон таланттын жан дүйнөгө жагымдуу, кубулжуган обондору кайнар булактай оргуштап, ар бир кыргыздын кулагына сиңип, оюн алып, жүрөгүнөн түнөк таап келе жатат. Мисалы, 1934-жылы чыгарган "Созулма", «Түшүмдө», «Селкиге» деген ырлары 78 жылдан бери зор сүймөнчүлүк менен ырдалып келе жаткандыгы эле эмне деген керемет.

Мария Кулчунова Жумабаевна[түзөтүү | булагын түзөтүү]

9-февраль 1958-жыл. 1988-жылы Сеулда өткөн Олимпиадада СССРдин 4 күлүгү 400 метрлик (4х400 метр) эстафетада рекорд коюшкан. Бул рекорд ушул кезге чейин жаңылана элек. Андан сырткары дүйнөлүк чемпионатта кол медалга жетип, Европанын чемпиону болгон. Учурда Орусиянын Якутс аймагында жашайт.

Уланбек Тынччылык уулу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

13-август 1975-жылы Уланбек Тынччылык уулу учурда "Мерибел" курулуш компаниясын иштетип, Бишкек шаарында ар кандай үй-жайларды куруу менен алек. Өз турмушунан сырткары, "Жол Богошту" коомдук фондун түзүп, өзү каржылап келет. Фонддун эсебинен Биринчи Май айылынын Т. Тынымбаев мектебинин чатырын жаптырып, оңдоп түзөө иштерин жүргүзгөн. Айыл балдары үчүн бала-бакча ачтырып, музыкалык ийрим түзгөн. Андан сырткары, айыл балдары үчүн жайлоо бала бакчасын түзүп, ар кандай шарты жок үй-бүлөнүн балдарына кам көрүү иштерин аткарган. Талды-Суу айылынын мектебинин оңдоп-түзөө иштерин аткарган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкы ― 906 киши[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.