Биринчи дүйнөлүк согуш

Wikipedia дан
Биринчи дүйнөлүк согуш
Файл:WW1 TitlePicture For Wikipedia Article.jpg
1-чи катар: британиялык танк Mark IV траншеяны өтүүдө; 2-катар солдон оңго: Albatros D.IIIбипланы, чөгүп аткан Король флотунун HMS «Irresistible» линкору; 3-катар: пулеметтчулар
Даталар 28 июль 1914 — 11 ноябрь 1918
Катышкандар Европа, Африка и Жакынкы Чыгыш (кыска мөөнөттө - Кытай, Тынч океандын аралдары)
Согуштун себеби экономикалык империализм, территориалдык жана экономикалык тартышуулар, соода тосколдуктары, милитаризм жана автократия, европалык мамлекеттердин милдеттемелери.
Согуштун жыйынтыгы Антантанын жеңиши. Орусиядыгы Февраль жана Октябрь революциялары, Германиядагы Ноябрь революциясы, Осмон империясынын жана Австро-Венгриянын кыйроосу. Америкалык капиталдын Европага кирип башташы.

Биринчи дүйнөлүк согуш (28 июль 1914 — 11 ноябрь 1918) — адамзаттын тарыхындагы эң чоң жана татаал куралданган конфликтердин бири.

Биринчи дүйнөлүк согуш Борбордук (Германия, Австрия-Венгрия, Түркия, Болгария) жана Антанта (Россия, Франция, Улуу Британия, Сербия, кийинчерээк Япония, Италия, Румыния, АКШ жана башка бардыгы 34 мамлекет катышкан) коалицияларынын ортосундагы согуш.

Сараеводо австрия-венгриялык тактынын мураскери Франц-Фердинанддын өлтүрүлүшүнө байланышкан Балкан кризисинен улам келип чыккан. Германия Англия менен Франциянын эсебинен жаңы колонияларды басып алууну, Франция менен Россияны начарлатууну, Европада өз үстөмдүгүн күчөтүүнү көздөгөн.

Австрия-Венгрия Балканда өз таасирин кеңейтүүгө жана өзү эзип жаткан элдердин улуттук-боштондук кыймылын басууга умтулган. Англия Германияны начарлатууга, анын колонияларынын бир бөлүгүн басып алууга үмүттөнгөн. Франция 1871-жылы Германияга тарттырып жиберген Эльзас менен Чыгыш Лотарингияны кайтарып алууну, ошондой эле Германиянын Саар жана Рейн облустарынын жарымын басып алууну каалаган. Россия Балканда жана Босфор менен Дарданэлль кызыктарында өз үстөмдүгүн орнотууга, ошондой эле Германияны экономикалык жактан начарлатууга жана Австрия-Венгриянын Балканда үстөмдүк кылуу коркунучун жок кылууга умтулган. Биринчи дүйнөлүк согуш Антантанын жеңиши менен аяктады. Биринчи дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө согушуп жаткан тараптар 74 млн. кишини аскерге мобилизациялашты. 10 млнго жакын киши курман болду, 20 млнго жакыны жарадар, 10 млнго жакын киши ачарчылыктан жана эпидемиядан каза болду.

1919-жылы 28-июнда Биринчи дүйнөлүк согуштун бүткөндүгү жөнүндө Германия менен Версаль тынчтык келишимине кол коюлду. Германиядан Европадагы биртоп жерлер алынып, Франция, Бельгия, Польшага берилди. Германиянын колонияларын жеңип чыккан мамлекетттер өз ара бөлүп алышкан. Жеңилген мамлекеттер, анын ичинде Түркия көп жеринен ажырап калган. Австрия-Венгриядан Австрия, Венгрия, Чехославакия өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыккан. Австрия-Венгрия жеринин бир бөлүгү кайрадан түзүлгөн Польша жана Югославия мамлекеттерине кирген.

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети
Мамлекеттик тил жана энциклопедия борборунун башкы редактору Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов
Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.