Бирк-Суу сымап кени

Википедия дан
Бирксуу сымап кени‎»‎ барагынан багытталды)

Бирк-Суу сымап кениБаткен облусунун Лейлек районунда, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегиндеги Андыген тоосунда, Лейлек суусунун оң куймасы – Бирк-Суунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2300–3000 м бийиктикте. 13-к-дан белгилүү. 1941–45-жана 1951–54-ж. геол. изилдөө, чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагын карбон мезгилинде пайда болгон акиташ тектери түзөт. Тоотек катмарлары бүктөлүүгө дуушарланып, тектоникалык жаракалар менен тилмеленген. Сымап рудасы ошол жаракалар менен байланышкан жана ал негизинен антиклиналдуу түзүлүштөрдүн чегиндеги брекчия зоналарында топтолгон. Кен шток түрүндөгү майда руда түйүндөрүн түзөт. Жалпы узундугу 25 км, туурасы 0,5–3,5 км келген аймакта руданын саны 29га жетет. Сымап алынуучу минерал–киноварь. Андан башка кальцит, пирит, халькопирит, куприт, азурит, кээде кварц жана флюорит кездешет. Алар бардык жерде бирдей таралган эмес. Руда герцин металлогениялык доордун аягында гидротермден пайда болгон. Кен аймагында 320дан ашык байыркы казынды бар. Кен 1946–50-жылдары казылып, киреше бербеген соң убактылуу токтотулган. Сымаптын орточо өлчөмү 0,37%. Руданын С1+С2 категориялары боюнча запасы 45 миң т, сымаптыкы запасы 167 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]