Бирлик эркиндиги
Бирлик эркиндиги – адамдын негизги укуктарынын бири, эгер сөз партиялар менен саясий кыймылдар ж. б. тууралуу баратса, жарандардын саясий укуктарынын бири. Ал «бирлик менен ассоциациялар эркиндиги» деген ат менен да белгилүү. Баардык бирликтердин түрүн түзүү укугу (мыйзам чегинде) дегенди билдирет. Көпчүлүк учурларда конституция ж. б. мыйзамдарда жашыруун коомдорду, аскерлештирилген уюмдарды, коомчулукка каршы максатты көздөгөн бирикмелерди түзүүгө тыюу салуу түрүндөгү Б. э-не чектөө коюулар кездешет. Адатта, Б. э. ошондой эле коомдук бирикмелердин эркиндиги менен алардын теңчилик принциби да жактырат. Б. э. чексиз укук болуп саналбагандыктан, өзгөчө жана согуштук кырдаал киргизилгенде ал чектелиши мүмкүн. КР Конституциясы тарабынан кепилдикке алынат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |