Сапар Бирназаров

Википедия дан
Бирназаров, Сапар‎»‎ барагынан багытталды)

Бирназаров Сапар (14.12.1937-ж. т., Нарын району, Эки-Нарын айылы) — алгачкы полиграфия инженери, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер (1994).
1959-ж. Москвадагы полиграфия институтун, 1984-ж. КПСС БКнын алдындагы коомдук илимдер академиясын бүткөн.
1959-66-ж. республикадагы №1 басмаканада цех мастери, улук инженер, бөлүм башчы, Кыргызполиграфкомбинатында бөлүм начальниги, 1967—72-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинде референт, улук референт, 1972—90-ж. Кыргыз Республикасынын маданият министрлигинде полиграфиялык өнөр жай жана басма башкы башкармасынын начальниги, Кыргыз Республикасынын басма, полиграфия жана китеп соода иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын 1-орун басары, 1990—92-ж. Кыргызполиграфкомбинаттын директору, 1993-жылдан "Акыл" мамлекеттик концернинде башкы инженер болуп иштейт.
СССР басма сөз отличниги. Медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.