Биробижан

Википедия дан
Биробижан шаары‎»‎ барагынан багытталды)
Биробижан.

Биробижан (Бира жана Бижан дарыясынын атынан) — Россия Федерациясындагы шаар (1937жылдан). Еврей Автономия облусунун администрация борбору. Бира дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 76,6 миң (2005). Темиржол тоому. Машина куруу («Дальсельмаш», күчтүк трансформатор заводдору), жеңил (трикотаж, кийим тигүү, буткийим), жыгаччылык өнөр жайы өнүккөн. Край таануу музейи, педогогикалык институт, 2 театр бар. 1928-ж. Тихонький темиржол бекетинин ордуна пайда болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]