Сергей Бирюзов

Википедия дан
Бирюзов Сергей Семенович‎»‎ барагынан багытталды)

Бирюзов Сергей Семенович (1904- 1964) - Советтик Союз. Маршалы (1955), Советтик Союздун Баатыры (1958), Югославиянын Элдик Баатыры (1964).

1926-жылдан КПССтин мүчөсү. 1922-жылдан Советтик Армиянын катарында. ББАК атындагы Аскердик мектепти (1926) жана Фрунзе атындагы Аскердик академияны (1937) бүтүргөн. 1941-ж. июлдан Улуу Ата Мекендик согушта 132-дивизиянын командачысы.

1942 ж. Брянск, Сталинград, Түштүк жана 3-4-Украина фронтторунда штабдын начальниги, 1944-ж. Яссы - Кишинёв операциясына жана 37-армия менен Югославияны бошотууга катышкан. Согуштан кийин Болгарияда аскердик жетекчи кызматтарда иштеди. 1947-жылдан Приморск аскердик округунда командачы, 1955-жылдш коргоо министринин орун басары, 1962-жылдан Ракеталык аскерлердин башкы командачысы, 1963-жылдын апрелинен Ген штабдын начальниги. КПСС БКнын мүчөсү (1961), СССР Жогорку Советинин (2, 4-6-шайл. ) депутаты, 5 Ленин ордени, 3 Кызыл Туу ордени ж. б. жогорку сыйлыктар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.