Бирюсиндер

Википедия дан

Бирюсиндер - хакастардын курамындагы этнографиялык топ. «Кыргыз жеринин» (азыркы Хакас-Минусин ойдуңу) алыскы аймактарында, Кузнецк Алатоосу багытында жашашат. Айрым маалыматтар боюнча энесай кыргыздарынын кыштымдары болушкан. Энесайлык кыргыздар тарабынан кыргыздашышкан. Илимий адабияттарда «пүрүстөр» деген ат менен белгилүү. Мындан сырткары, бул аймактар Кыргыз каганатынын экономикалык таасири таралган маанилүү жерлер болгондугу маалым. Этностук топтун курамында камассин элементтери да кездешери маалым. Ошону менен бирге, бирюсиндердин курамында байыркы кыргыз уруу аттары да катталган. Алар төмөнкүлөр: карга, суу каргазы, таг каргазы, сайын, сибичин, хызыл хая, хый, хобый (кыргыз-ховалыг), сор, чилей, изушер (усшор) ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]