Мазмунга өтүү

Бир алкак - бир жол

Википедия — ачык энциклопедия
Бир алкак - бир жол
The Belt and Road Initiative
(кыт. 一带一路)
Негизделген
Негизделген

2013

Бир алкак - бир жол (кыт. 一带一路) (BRI же B&R), ошондой эле кээде Жаңы Жибек жолу деп да аталган демилге — Кытай өкмөтүнүн 2013-жылдан бери жүргүзүп келе жаткан глобалдык инфраструктуралык жана экономикалык өнүгүү стратегиясы. Дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндөгү долбоорлор портторду, темир жолдорду, автоунаа жолдорун, электр станцияларын, авиацияны жана телекоммуникацияларды камтыйт.

Бул демилгени 2013-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын (ККП) башкы катчысы Си Цзиньпин Казакстанга болгон сапары учурунда сунуштаган. Демилге алты кургактык аркылуу экономикалык коридор жана «XXI кылымдын деңиз Жибек жолу» аркылуу 150дөн ашык өлкөгө жана эл аралык уюмдарга инвестиция салууну карайт[1]. «Бир алкак - бир жол» демилгеси Кытайдын тышкы саясатында жана экономикасында борбордук орунду ээлейт. Кургактыктагы транспорттук каттамдарга Кытай-Пакистан экономикалык коридору, Евразия кургактык көпүрөсү жана Жаңы Евразия кургактык көпүрөсү кирет. «XXI кылымдын деңиз Жибек жолунун» алкагындагы деңиз долбоорлоруна Шри-Ланкадагы Хамбантота, Пакистандагы Гвадар жана Грециядагы Пирей порттору кирет. Бул демилге Кытайдын жогорку ылдамдыктагы темир жолдорун экспорттоого шарт түздү, буга мисал катары Ботен—Вьентьян жана Жакарта—Бандунг багыттарын атаса болот.

2025-жылга карата, мүчө өлкөлөрдүн жалпы көрсөткүчтөрү жана эл аралык экономикалык маалыматтар базасына ылайык, ага катышкан мамлекеттер дүйнө калкынын дээрлик 75% жана дүйнөлүк ИДПнын жарымынан көбүн түзөт. Бул демилге глобалдык сооданы, байланышты жана экономикалык өсүштү, өзгөчө өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө күчөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ деп кеңири сыпатталат. Ошол эле учурда, бул долбоор айлана-чөйрөгө тийгизген таасири, адам укуктары жана башкаруу стандарттары, карыздын туруктуулугу, ошондой эле айрым инфраструктуралык долбоорлордун кош максатта (аскердик жана жарандык) колдонулуу коркунучу тууралуу кооптонуулар менен да коштолуп келет[2].

Жибек жолунун экономикалык курулушу жана XXI кылымдагы деңиз Жибек жолу (англ. The Silk Road Economic Belt and the 21st-century Maritime Silk Road), кыскача «Бир алкак - бир жол» англ. The Belt and Road Initiative, стандарттуу англисче кыскартылышы: B&R), 2013-жылы Кытай Эл Республикасынын өкмөтү демилгечи болуп, жетекчилигин жүргүзгөн транс улуттук экономикалык долбоор болуп эсептелет. Бул демилге болжол менен 70 өлкөгө жана эл аралык уюмдарга инвестиция салууну камтыйт[3]. Акыркы он жылда Кытай 150дөн ашуун мамлекет жана 30дан ашуун эл аралык уюм менен 200дөн ашуун «Бир алкак - бир жол» кызматташтык документтерине кол койду[4].

«Бир алка, бир жол» Кытай Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин Генералдык катчысы Си Цзиньпиндин «чоң мамлекеттердин дипломатиясы» стратегиясынын негизги бөлүгү катары каралат жана ал Кытайдын өсүп жаткан күчү менен абалына ылайык, дүйнөлүк иштерде көбүрөөк жетекчилик ролду ойноого умтулат. Кытай Эл Республикасынын өкмөтү бул демилгени «аймактар аралык байланышты чыңдоого жана жакшыраак келечекти кучактоого багытталган» деп атайт. Долбоордун аяктоо мөөнөтү 2049-жыл деп белгиленген, так ушул жылы Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы мааракеси болот.[5]

Расмий билдирүүлөргө ылайык, Шинжаң жана Фуцзянь «Бир алка, бир жол»долбоорунун эң чоң пайда көрүүчүлөрү болуп, мурда болбогон өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот.Фуцзянь провинциясына 21-кылымдагы Деңиз жибек жолунун негизги аймагы статусу берилди.

21-кылымдагы Деңиз жибек жолу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«21-кылымдагы Деңиз жибек жолу» – Деңиз жибек жолунун боюнча жайгашкан. Ал Кытайдын материктик бөлүгүнүн жээктеги портторунан Түштүк Кытай деңизи аркылуу Инди океанына чейин,андан ары Европага чейин созулат, же Кытайдын материктик жээктеги портторунан Түштүк Кытай деңизи аркылуу Түштүк Тынч океанга чейин барат.

«Бир алка, бир жол» Тынч океан аймагын Европа менен байланыштырат, ортосунан Борбордук Азия аймагын өтөт. Шанхай кызматташтык уюмуна кирген Кытайдын материктик бөлүгү, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын бардыгы Жибек жолунда жайгашкан.

Өнүгүү тарыхы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2013-жылдын сентябрында Кытай Коммунисттик Партиясы Борбордук Комитетинин Башкы катчысы Си Цзиньпин Казакстанга сапар кылып, «Жибек Жолунун экономикалык зонасын» биргелешип курууну сунуштады. [6]Ошол жылдын октябрында Индонезиянын парламентинде сөз сүйлөп жатканда, ал 21-кылымдык «Деңиздик Жибек Жолу» курууну да сунуштады. Ошол жылдын ноябрында өткөрүлгөн Кытай Коммунисттик Партиясынын XVIII Борбордук Комитетинин Үчүнчү Жалпы Жыйыны «Бир Зона, Бир Жол» демилгесин мамлекеттик стратегия деңгээлине көтөрдү.

2015-жылдын март айында Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңештин премьер-министри Ли Кэцян Азия жана Европа мамлекеттерине сапар кылып жаткан мезгилде «Бир Зона, Бир Жол» демилгесин андан ары жайылтты, ошону менен бирге бул демилгени өкмөттүн иш жөнүндөгү отчётуна киргизди.[7]28-мартта Мамлекеттик Кеңеш Улуттук экономикалык өнүгүү жана реформа комитети, Тышкы иштер министрлиги, Соода министрлиги сыяктуу үч ведомствого биргелешип «Жибек Жолунун экономикалык зонасын жана 21-кылымдык деңиздик Жибек Жолду биргелешип курууну көздөгөн көздөй максаттар жана иш чаралар» аттуу ак кагазды жарыялоого ыйгарым укук берди.[8]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]