Мазмунга өтүү

Бир жыныстуу нике

Википедия — ачык энциклопедия

Бир жыныстуу нике бир жыныстагы эки адамдын никеси.

Бир жыныстуу түгөйлөрдүн үйлөнүү тою, АКШ, 2017-жыл.

2025-жылга карата, дүйнө жүзү боюнча 38 мамлекет бир жыныстуу никени тааныган:

Мамлекет Дата
1  Нидерланд 01.04.2001
2  Бельгия 01.06.2003
3  Испания 03.07.2005
4  Канада 20.07.2005
5  ТАР 30.11.2006
6  Норвегия 01.01.2009
7  Швеция 01.05.2009
8  Португалия 05.06.2010
9  Исландия 27.06.2010
10  Аргентина 22.07.2010
11  Дания 15.06.2012
12  Бразилия 16.05.2013
13  Франция 18.05.2013
14  Уругвай 05.08.2013
15  Жаңы Зеландия 19.08.2013
16  Люксембург 01.01.2015
17  АКШ 26.06.2015
18  Ирландия 16.11.2015
19  Колумбия 28.04.2016
20  Финляндия 01.03.2017
21  Мальта 01.09.2017
22  Германия 01.10.2017
23  Австралия 09.12.2017
24  Австрия 01.01.2019
25  Тайвань 24.05.2019
26  Эквадор 08.07.2019
27  Улуу Британия 13.01.2020
28  Коста-Рика 26.05.2020
29  Чили 10.03.2022
30  Швейцария 01.07.2022
31  Словения 08.07.2022
32  Куба 27.09.2022
33  Мексика 31.12.2022
34  Андорра 17.02.2023
35  Эстония 01.01.2024
36  Грекия 16.02.2024
37  Лихтенштейн 01.01.2025
38  Таиланд 23.01.2025
     бир жыныстуу нике мыйзамдуу

Нидерланд 2001-жылы бир жыныстуу түгөйлөргө мыйзамдуу нике мүмкүнчүлүгүн ачкан биринчи мамлекет болгон. 2003-жылы Бельгия, 2005-жылы Испания жана Канада кошулган. Кийинчерээк аларга жалпы калкы бир миллиарддан ашык адамды түзгөн 30дан ашык мамлекет ​​кошулган. Бир жыныстуу никелерди мыйзамдаштыруу ар кандай жолдор менен жүргөн. Мисалы, Испания жана Аргентинада тиешелүү мыйзамдар парламентте кабыл алынган, Бразилия жана АКШда Жогорку Соттун чечимдери бир жыныстуу никелерге жол ачкан. Ал эми Ирландия, Австралия, Куба жана Швейцарияда жарандар референдумда бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну колдоп добуш беришкен.

2001-жылы Амстердам шаарында эки адам дүйнөдө алгачкы болуп бир жыныстуу нике укугуна ээ болушкан.
Испания парламенти бир жыныстуу никеге жол ачкан мыйзамды колдоп добуш берди. Испания 2005-жылы бир жыныстуу никени мыйзамдаштырган дүйнөдөгү үчүнчү мамлекет болду.
Аргентина Президенти Кристина Фернандес бир жыныстуу никеге жол ачкан мыйзамга кол койду. Аргентина 2010-жылы бир жыныстуу никени мыйзамдаштырган Түштүк Америкада биринчи жана дүйнөдөгү онунчу мамлекет болду.

Байланыштуу макалалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]