Отто фон Бисмарк

Википедия дан

Отто Эдуард Леопольд фон Бисмарк-Шёнхаузен - (1.4.1815, Шенхаузен 30.7.1898, Фридрихсру) германдык мамлекеттик ишмер; Германия империясынын биринчи рейхканцлери (1871-90). 1859-62-ж. Пруссиянын Россиядагы, Франциядагы элчиси. 1862-жылдан Пруссиянын министр-президенти жана тышкы иштер министри, 1867-ж. Түндүк Германдык Союзду түзгөндөн кийин бундесканцлер болгон. Бисмарк франция-пруссия (1870-71) согуштарынан кийин Пруссиянын сунушу менен Германияны бириктирүүнү толугу менен ишке ашырып, Герман империясынын рейхсканцлери кызматын аткарган. Бисмарк Германияда борборлоштурулган банк системасын жана жалпы акча бирдигин киргизген, мындан тышкары биртоп башкаруучулук жайындагы реформаларды ишке ашырган. Анын католик чиркөөсүнүн таасирин чектөөгө багытталган («культуркамиф») иш-чаралары ийгиликсиз аяктаганына карабастан, өлкө боюнча мамлекеттик кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнгөн билим берүүнүн пруссиялык системасы киргизилген. Бисмарк герман парламентинин (рейхстаг) укуктарын чектөөгө аракеттенген жана «социалисттерге каршы өзгөчө мыйзам» киргизген. Социалдык камсыздоо системасынын тарыхында биринчи жолу социалдык камсыздоо боюнча бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Тышкы саясатта анын демилгеси менен алгач «Үч императордун союзу», кийин « Үчтүк союзу» уюштурулган. Бисмарктын улуттук экономиканы чыңдоого багытталган саясатынын натыйжасында, Германияда өнөр жайы жана соода өнүгүп, ошондой эле чет жерлерде жаңы колониялар каратылган. Император Вильгельм I нин ордуна бийликке келген Вильгельм II өз бийлиги үчүн Бисмарктан чочулап, 1890-ж. аны отставкага кетүүгө аргасыз кылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]