Битумдуу тоотектер

Википедия дан
Битумдуу тоо тектер‎»‎ барагынан багытталды)
битумдуу сланецтер.
битумдуу кумдуктар.

Битумдуу тоотектер — курамында битуму бар ар түрдүү чөкмө тоотектер. Битумдар тоотектердин жаракаларында, көзөнөкчөлөрүндө болот; көп учурларда чополорго, кумдуктарга тегиз сиңип калат. Өңү кара күрөң жана кара. Битумдуу акиташ тектери коргошун, нефть жана газ кендери үчүн чөйрө болот. Жез, уран, молибден, ванадий сыяктуу элементтердин кендери битумдуу кумдуктар менен сланецтердин арасында кездешет. Орто Азияда битумдуу тоотектер кембрий, ордовик, девон жана карбон мезгилдеринде пайда болгон тоотек катмарларында бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]