Бишкек хореографиялык окуу жайы

Википедия дан

Бишкек хореографиялык окуу жайы Ч. Базарбаев атындагы - 1980-жылдын январь айында Кыргыз ССР Маданият министрлигинин буйругу менен ачылган.

Окуу мөөнөтү 8 жыл. Ал жалпыга билим берүү, атайын жана музыкалык деген үч циклдан турат.

Окуу жайына жалпыга билим берүүчү мектептин 3-классын бүтүргөндөр кабыл алынат. Окуу мөөнөтү беш жыл. 9 жылдык билими менен бүтүрүү аттестатын алуу аркылуу студент болот. 3-курсту бүткөндөн кийин студенттер «Балет артисти» деген адистикти алышат.

Окуу жайынын алдыда төлөп окуй турган башталгыч 1-3-класстар үчүн мектеп ачылган. Ал жалпыга билим берүүчү мектептердин программаларын, талаптарын окуу менен бир эле мезгилде атайын ритмика, гимнастика, фортепьяно, хордо ырдоо сабактарын өтүшөт. Башталгыч мектепти бүткөндөр окуу жайында акысыз окушат.

Хореографиялык окуу жайы ачылгандан бери ондогон таланттуу жаштар бүтүп чыгышты. Алсак,, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти М. Ласточкина, Г. Жусупова, М. Сабирова атындагы эл аралык сыйл. лауреаты; Ж. Маасиева, А. Нуралиева, М. Сыдыкова 10. Григорович атындагы классикалык бийдин эл аралык конкурсунун жана Швейцарияда өткөн эл аралык конкурстун лауреаты ж. б. болушкан.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана маданият министрлигинин 2004-жылдын февраль айындагы буйругу менен окуу жайына СССР эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин ысымы берилди. Окуу жайында өз кесиптерин мыкты билген тажрыйбалуу, Кыргыз Республикасынын эл артисти Р. Чокоева, Б. Алимбаев, А. Ырсалиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Р. Таирова, А. Миңжылкыева ж. б. иштешет

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.