Мазмунга өтүү

Благовещенка

Википедия — ачык энциклопедия
("Благовешенка‎"‎ барагынан багытталды)
Отурукташкан жай
Благовещенка
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонСузак району
Айыл аймагыСузак айыл аймагы
Координаттар40°58′35″ с. ш. 72°58′00″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү1897
Борборунун бийиктиги800 м
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы4235[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Благовещенка (Кыргызстан)

БлаговещенкаКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы айыл. Сузак айыл аймагына кирет.

Көгарт суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ― Сузак айылынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-жылы негизделген. Алгач Украинанын Киев облусунан көчүрүлүп келген 300 үй-бүлө (украин, орус, балкар, чечен жана башкалар) отурукташкан.

Негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо жана башкалары бар.

Калкы — 4 235 киши.[1]