Благовещенка кыштагы

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Благовещенка кыштагы - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу. Көгарт суусунун оң жээгинде, деңиз деңгээлинен 800 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темиржол бекетинен 7 км. Кыштак 1897-ж. негизделген. Алгач Украинанын Киев облусунан көчүрүлүп келген 300 үй-бүлө (украин, орус, балкар, чечен жана башкалар) отурукташкан. Калкы 3086 (2002); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ФАП, мончо жана башкалары бар.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]