Благоев Димитр
Благоев Димитр (14. 6. 1856, Заго-ричане с, -7. 5. 1924, София) - Бол-гарияда марксизмди биринчи пропагандалоочу, Болгариянын социал-демократтар жумушчу партиясын түзүүчү жана анын жетекчиси.
Кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Жаш чагында эле болгар элинин түрк эзүүсүнө каршы улуттук-боштондук кыймылына катышкан. 1881-85-ж. Петербург университетинде окуп, орустун прогрессчил студенттери менен жакындашкан. 1885-жылдан Софияда илимий социализмдин идеяларын пропагандалай баштаган. 1905-ж. Благоев Маркстын "Капиталынын" 1-томун ж. б. эмгектерин болгар тилине которгон. 1910-ж. 2-Интернационалдын 8-конгрессинде (Копенгаген) тыгызчылдар партиясынын делегациясына башчылык кылып, андагы солчулдардын В. И. Ленин уюштурган кеңешмесине катышкан. 1-дүйнөлүк согушта Благоев анын им-пер. мүнөзүн, 2-Интернационалдагы социал-шовинисттердин чыккынчылык ролун ашкерелеген. Улуу Октябрь Социалисттик революциясын кубана тосуп алып, большевиктердин идеясын пропагандалаган. 1919-ж. Болгариянын социал-демократтар жумушчу партиясы Коммунисттик партия деп аталып, Коминтернди негиздөөгө катышкан. Бирок ошол мезгилде Благоев жана бүт партия пролет, революциянын маселелери боюнча толугу менен лениндик позицияда турган эмес. Кийин Благоевдин муну мойнуна алуусу жана ал каталык-тарды ачык сынга алышы, БКПни большевиктик духта кайра курууда маанилүү роль ойноду. Благоев маркстик философия, саясий экономия, тарых, эстетика жана болгар адабияты маселелери боюнча бир катар эмгектерди жазган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.