Мазмунга өтүү

Бланки Луи Огюст

Википедия — ачык энциклопедия

Бланки Луи Огюст (1. 2. 1805-1. 1. 1881) - француз революционери, утопист-коммуниулук 1814- 30-жылдагы, Июль революциясы (1830) жана Июль монархиясынын тушундагы республикачыл демокр. кыймылга активдүү катышкан.

1835-39-ж. республикачыл жашырын коомдорду ("Үй-бүлөлөр коому" ж. б. ) уюштуруп, аларга жетекчилик кылган. Париждеги көтөрүлүш басылгандан (1839-ж. 12-май) кийин өмүр бою түрмөдө олтурууга өкүм кылынып, 1848-жылдагы революциянын убагында бошонуп, революциячыл ишмердигин уланткан. 1848-ж. Париж демонстрациясынан кийин 10 жылга кесилип, андан 1859-жылдагы мунапыз боюнча чыккан.

1861-65-ж. кайра камакта болуп, түрмөдөн качып чыгып (1865), Брюсселде жашаган. 1870-ж. 30-октябрдагы көтөрүлүшкө активдүү катышкандыгы үчүн кайрадан өмүр бою түрмөгө өкүм кылынган. Париж Коммунасынын (1871) убагында, Комму-нага сыртынан мүчө болуп шайланганы менен, түрмөдөн чыгарылган эмес. Өмүрүнүн акыркы жылдары да Социалисттик жана демократиялык идеяларды пропаганда-лоону улантып, бланкисттерди парт, уюмга баш коштурууга умтулган. Бланки тарыхты идеалистчө түшүнүп, тап күрөшүн тааныганы менен, пролетариаттын революциячыл ролун баалай билген эмес. Марксизм-ленинизм классиктери Бланкини революционер жана социализмдин тарапкери катарында жогору баалоо менен, анын заговорчул тактикасын сындаткан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.