Блешинский Станислав Владимирович
Блешинский Станислав Владимирович – (1919, Пишпек 24.7.2005, Фрунзе (азыркы Бишкек)) химия илимдеринин доктору (1963), профессор (1967). Кыргыз ССР ИАнын корр. мүчөсү (1979). К Р дин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты (1980, 1994). 1941-ж. Томск университетин бүтүргөн. 1958-жылдан Кыргыз ССРдин ИАнын Органикалык эмес жана физикалык химия институтунда илимий кызматкер, директордун орунбасары, директору, К Р УИАнын Химия жана химиялык технология институтунда бөлүм башчы болуп иштеген. Сейрек жана чачыранды элементтердин химиясын изилдеген. Эмгеги: О всаливании органических веществ. Ф., 1967; Химия боюнча кызыктуу тажрыйбалар (в соавторстве). Ф., 1984; Меркабид метана (в соавторстве). Ф., 1988. Прогнозирование и оценка месторождений комплексных руд в чёрных сланцах. Б., 2001.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4