Блокада (согуштук) (камалоо)
Көрүнүш
Блокада (согуштук) (камалоо) (англ. blockade ) – эларалык укуктун көз карашынан алып караганда, курчоого алынган объектге өзүнүн тышкы байланыштарын жүргүзүүгө мүмкүндүк бербей, толук курчоо менен ишке ашырылуучу аскердик уруш аракетинин өзгөчө таризи. Б. кургакта, сууда, абада болуусу мүмкүн. Деңиз Б-сы көбүрөөк кездешет. Заманбап эларалык укукта, Б., эгер ал БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими менен аргасыз кылуу чарасы катары киргизилбеген болсо, анда баскынчылык акты катары каралат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |