Блюминг

Википедия дан

Блюминг, блуминг - массасы 12 т жана андан да ашык келген жоон болот уютмасын кысып, сомдоп блюмга (туурасынан кесилишинин бир жагы 140 мм ден ашык келген квадрат формасындагы 4 кырдуу устун) айландыруучу кубаттуу жана жогорку өндүрүмдүү прокат станы.

Бессемердик болот куймаларын кысып сомдоого арналган 1-үч валдуу трио-станын А. Холлей (АКШ) 1871-ж. колдонгон. СССРде Блюминг 1931-жылдан бери даярдалып, советтик биринчи Блюминг 1933-ж. Макеевка металлургия заводунда орнотулган. Блюминг сомдоочу Балдардын диаметрине карата мүнөздөлүп, анын бир клет-түү (2 валдуу реверсивдүү дуо-стан жана 3 валдуу реверсивсиз триостан), коштолгон (дуо-клеттен экөө удаалаш орнотулган) түрлөрү пайдаланылат. Бир Блюмингдин составына жумушчу клеть, электр кыймылдаткычтар, сомдоочу валды кыймылга келтирүүчү механизмдер кирет.

Металлургия заводунда Блюминг болот эритүүчү жана заготовканы сомдоочу цехтердин ортосундагы звено катары эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.