Бобслей

Википедия дан

Бобслей - (англ. bobsleigh) Бобслей же боб деп аталган башкарылма чанада атайын жасалма тоодогу тик муз жол менен тез түшүү. Чананын формасы сүйрү, бүтүндөй темирден жасалган чанагы (кузов) эки жуп сыйгаланма конькиге бекиген кыймылдуу алдыңкысына руль бекийт жана арткысы кыймылсыз, токтоткуч (тормоз) орнотулган. Чана 2 орундуу (узундугу 2,7 м, салмагы 165 кг) жана 4 орундуу (3,8 м, 230 кг) болот. Бобслей алгач 19-кылымдын аягында Швейцарияда пайда болгон, көп өтпөй анын эрежелери иштелип чыгып, Санкт-Морицеде (1902) алгачкы трасса курулган. Биринчи мелдешке аялдар жана эркектер катышкан, 1900-жылдан эркектер гана катышат. Бобслейдин жана тобоггандын Эл аралык федерациясы (1923-ж. уюшулган) 40тан ашык улуттук федерацияны камтыйт (2005). Ал Швейцария, АКШ, Италия, Швеция, Германия, Польша жана Россияда өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]