Бобушев Темирбек Сейтказиевич
Бобушев Темирбек Сейтказиевич - (7.9.1953-ж. туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) география илимдеринин доктору (2005), профессор (2005). КМУнун география факультетин бүгүргөн (1976). 1979-96-ж. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент, кафедра башчысы, Кыргызстан-Америка университетинин илимий-изилдөө борборунда директор (1996-2002.), 1-проректор (2003-04), 100дөн ашык илимий эмгектин автору (анын ичинде 8 китеп, анын экөө англис тилине которулган). Илимий эмгектери Борбордук Азия менен Кыргызстандын экономика жана экология коопсуздугуна, региондогу өндүргүч күчтөрдүн жайгашуусуна жана өнүгүүсүнө арналган.Эмгеги: Экономическое развитие Кыргызской Республики: стратегия национального управления. Бобушев, 2003; Центральная Азия: проблемы и перспективы развития. Бобушев, 2003; Экономическая, социальная и политическая география Кыргызстана, Бобушев, 2006 (авторлош).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4