Никита Богословский

Википедия дан
Богоcловcкий Никита Владимирович‎»‎ барагынан багытталды)
1997

Богоcловcкий Никита Владимирович [9(22). 5.1913, Санкт-Петербург 4.4.2004, Москва] орус композитору, СССР эл артисти (1983). А. К. Глазуновдун, Г. Н. Поповдун, П. Б. Рязановдун окуучусу. Кинематографисттер союзунун композиторлор комиссиясынын төрагасы (1971-91). 1965-ж. вице-президенти, 1978-ж. СССР-Франция (1991-жылдан Россия-Франция) коомунун президенти. Ыр жанрынын чебери, 300дөн ашык ырлары бар, анын ичинде «Чоң өмүр» (1939), «Истребителдер» (1940), «Эки жоокер» (1943) жана башка кинофильмдерге да жазылган. Жазуучу катары «Глинканын керээзи», «Айлакер романы» (1993), «Кызык, кайгылуу жана күлкүлүү» (2003) жана башка сатиралык чыгармалардын автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]