Намат Божоков

Википедия дан
Божоков, Намат‎»‎ барагынан багытталды)

Божоков Намат (1910, Кочкор району, Чолпон айылы — 1971, Кочкор айылы) — Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты (1959—63). 1932-жылдан КПСС мүчөсү.
1932-ж. Бишкектеги Советтик-партиялык мектепти, 1950-ж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык мектепти, 1953-ж. КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти бүткөн.
1932—35-ж. "Кочкор" совхозунда комсомол комитетинин катчысы, комсомолдун Кочкор райкомунун катчысы, 1935—39-ж. райондук гезиттин редактору, "Коммунист" журналынын жооптуу катчысы, андан кийин Кочкор (1939—42), Ак-Талаа (1942—45), Чолпон (1950—54) райаткомдорунун төрагасы, Кыргызстан КП Куланак (1945— 48) жана Нарын (1954—56) райкомдорунун 1-катчысы, 1956-жылдан Нарын райаткомунун төрагасы болуп иштеген. Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.