Мазмунга өтүү

Бозе–Эйнштейн конденсациясы

Википедия — ачык энциклопедия

Бозе–Эйнштейн конденсациясы – кубулма температурада болуучу системанын бөлүкчөлөрүнүн бир бөлүгү нөл импульстуу абалга топтолгон бозон системасындагы квант кубулушу; муздатууда буунун молекулалары суюктукка айлануусуна окшоштурулган.

Бирок конденсацияланбайт, бөлүкчөлөрдүн мейкиндикте бөлүнүшү мурдагыдай эле кала берет. Көпчүлүк газдар үчүн кубулма температура өтө кичине болот жана Бозе–Эйнштейн конденсациясы башталганга чейин эле заттар катуу абалга өтүп кетет. Өзгөчө учур: гелий нормалдуу шарттагы Т=4,2 К де суюк абалга өтөт жана абсолюттук нөл температурага че-йин суюк бойдон калат. Т=2,17 К де жана каныккан буунун басымында суюк гелий өтө агуучулук абалга өтөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]