Мазмунга өтүү

Боз эчкемер, боз земзем

Википедия дан
эчкемер (Varanus griseus).
Боз эчкемер (Varanus griseus caspius).

Боз эчкемер, боз земзем (лат. Varanus griseus (Daudin, 1803) ssp. caspius), (Eichwald, 1831).

Жалпы жана өлкөдө таралышы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

V. g. caspius ареалы Иран, Афганистан, Орто Азия жана Түштүк Казакстанды (түндүккө карай Үстюрткө чейин, чыгышка карай Фергана тоо кыркаларына чейин) камтыйт, ал эми Аравия жарым аралында, Түндүк Африка, Пакистан жана Батыш Индияда – башка түрчөлөрү. Кыргызстанда мурун Прифергандын бардык тоо этектеги зоналарда, капчыгайларда кездешчү (кара), дагы мурун – Чүй жана Талас өрөөндөрүндө. Акыркы убакта балким жашоочу жерлери бир топ азайып кеткен ; 1985 жылы Ош шаарына жакын издери табылган, 1992 жылы Көк – Жаңгак шаарына жакын, 2005 жылы Кыргызкыштак айылына жакын бирин – серин особдор байкалган.

Жашаган аймактары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чөлдөр жана жарым чөлдөр, Түркстан, Катран тоо, Алай, Кичиалай, Кекликтоо, Бозбутоо, Атойнок, Баубашата жана Фергана кыркалардын тоо этектериндеги адырлар. Бир катар жерлерде жашоо шарттарынын начарлашы түрчө жагымсыз биотопторго алып келген. Алсак, Көкжаңгак шаарына жакын мисте токойлу зоокалуу беттерде эчкемер бадалдардын арасынан табылган.

Бардык жерлерде сейрек. Түрдүн популяциясынын саны өтө аз санда болгондугуна байланыштуу, алардын абалы жөнүндө Кыргызстанда маалыматтар жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары). Жашыныш үчүн кемирүүчүлөрдүн, куштардын, ташбакалардын ийиндерин кеңейтип пайдаланат; узуну 3м ге чейин жеткен өзү да ийин казат.

Чектөөчү факторлор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурунку убакта – терисин даярдоо , этин дары катары пайдаланыш үчүн кармоо . Учурда негизги фактор – жашоого жарактуу жерлердин кыскарышы: адырларды жана жарым чөлдөрдү өздөштүрүү ( айдоо, малды жайуу), ошондой эле конуштардын кеңейиши жана тоо Кен иштетүүчү өнөр – жайдын өнүгүүсү. Жырткычтардын ( корсактар, чөөлөр, күсөндөр, жырткыч куштар, үй иттери) кол салышат.

Көбөйтүү ( колдо багуу)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда жүргүзүлбөйт. Зоопарктарда кармалышы өтө сейрек, – террариум сүйүүчүлөрдүн багышы , колдо багылып көбөйтүү жөнүндө белгисиз.

Уюштурулган коргоо аракеттери

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

CITES тин 1 Тиркемесине жана бир нече өлкөлөрдүн Кызыл китептерине киргизилген. Кыргызстанда өзгөчө коргоодогу жаратылыш территорияларында ( ӨКЖТ) түрдүн бир дагы жашаган аймактары белгиленген эмес. Аны кармоого толук тыйуу салынган, мыйзамсыз кармоо, жоопкерчиликке тартылат. Түрдү коргоо жана анын популяциясынын абалын көзөмөлдөө жүргүзүү мамлекеттик мергенчилик ( аңчылык) көзөмөлдүн жоопкерчилигине жүктөлгөн.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көбөйтүүнүн методдорун иштеп чыгуу, коргоо жөнүндө кеңири пропаганда жүргүзүү жана кармоого толук тыйуу салууну көзөмөлдөө. Фергана өрөөнүндө атайын заказникти жакын арада тезинен уюштуруу жөнүндө бир нече жолу белгилешкен.

CR A4bc категория; Е. Кыргызстанада – саны азайууда түштүк-туран түрчөнүн, түштүк батыш-палеарктикалык түрдүн чачырандуу популяциялары , региондо тукумдун жалгыз гана өкүлү. Түрчө CI TES 1 Тиркемесине, СССРдин ( I I I категория), Казакстандын ( I I , VU ) жана бардык Орто Азия өлкөлөрдүн Кызыл китептерине киргизилген. Кээ бир маалыматтар боюнча дагы I U CNRLTS киргизилген.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]