Бойго бүтүрбөө
Бойго бүтүрбөө, контрацепция — бойго болтурбоо үчүн көрүлгөн чаралар. Мында аялдын «тукумсуз» күндөрүн саноо, ошондой эле жыныстык катнашты бузуу көп учурларда натыйжасыз болуп чыгат. Бул учурда аборт жасатууга туура келет. Жыныстык катнашты бузуу эркек менен аялдын ден соолугуна тескери таасир тийгизет. Аялдар аборт жасатпоо, организмге тескери таасир тийгизүүчү ыкмаларды колдонбоо үчүн врачка кайрылып, андан кеңеш алуулары керек. Врач бойго бүтүрбөө ыкмаларын жана каражаттарын сунуш кылып, аны пайдалануу жолдорун үйрөтөт. Азыр бойго бүтүрбөө үчүн механикалык, химиялык жана биологиялык заттар колдонулат. Механикалык каражаттар сперманы аялдын жыныс жолуна түшүрбөйт же жатындын былжыр челине жумуртканын жабышуусуна тоскоол кылат. Бул каражаттар колдонулбаса овуляция процесси тез калыбына келип, бойго бүгүп калышы мүмкүн. Аларды дайыма пайдалануудан этеккир аралыгында булгануу, кускусу келүү, баш ооруп, териге бүдүр чыгуу, кээде оор кабылдоолорго чалдыктыруусу мүмкүн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |