Бойго бүтүрбөөчү каражаттар
Бойго бүтүрбөөчү каражаттар (Contracceptica) — аялдардын ден соолугун сактоо үчүн убактылуу же алардын саламаттыгына байланыштуу төрөөгө мүмкүн болбогон учурда колдонулуучу медицина каражаттар.
Бойго бүтүрбөөчү каражаттар байыртан колдонулуп келе жатат. 11-кылымдын 20-жылдарында Ибн-Сина-нын (Авиценна) "Врачтык илимдин канону" аттуу эмгегинде ал жөнүндө айтылган. Бойго бүтүрбөөчү каражаттар механикалык жана химиялык болуп бөлүнөт.
Резинадан же металлдардан жасалган каражаттарга кафка, миспа жана "размес" колпачоктору кирет. Полиэтилен спиралы жатындын ичине салынып, ал 3 жылга чейин бойго бутүүдөн сактайт. Химиялык бойго бүтүрбөөчү каражаттарга ар кандай хим. заттар, шариктер ж. б. кирет. Алар врач жана акушерканын жетекчилиги менен гана колдонулат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.