Бокарев Иван Васильевич

Википедия дан

Бокарев Иван Васильевич (1923-ж. туулган, Казакстан, Алматы облусу, Ак-Суу району, Бакалы кыштагы) Даңк орденинин толук кавалери. 1934жылдан Кыргызстандын аймагындагы Кемин районунун Боролдой кыштагында жашаган. Согушка чейин ошол жерде колхоздо комбайнчы болуп иштеген. 1943-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылган. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ал аткычтар полкунун чалгынчылар взводунда бөлүмчөнүн командири болгон. Биринчи Украин фронтунда согушуп, Украинанын сол жээгин, Запорожьени бошотууга, Львов-Сандомир операциясына катышкан. Луцк жана Житомир шаарларын бошотууда жана Польшадагы ийгиликтүү чалгындоо операциясы үчүн ал 1944-45-ж. үч жолу Даңк ордени менен сыйланган. Согуштан кийин республиканын чарба иштеринде эмгектенген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]