Бокий Глеб Иванович
Бокий Глеб Иванович (21. 6(3. 7). 1879-15. И. 1937) -советтик мамлекеттик жана парт, ишмер.
1900-жылдан Компартиянын мүчөсү. Петербургда тоо-кен институтунда окуп, студенттик кыймылга катышкан. Петербургдагы "Жумушчу табын эркиндикке чыгаруу үчүн күрөш союзунда" иштеген. 1904-жылдан РСДРПнин Петербург комитетинин мүчөсү. Петербургда 1905-07-жылдагы революциянын катышуучусу. Бир канча жолу камакка алынып, сүргүндө болгон. 1917-жылдын мартынан РСДРП (б) БКнын Орус бюросунун мүчөсү. 1917-ж. РСДРП(б) - нин Бүткүл росс. 7-(Апрель) конф-ясынын жана 6-съездинин делегаты.
1917-18-ж. РСДРП(б)нин Петроград комитетинин секретары. Петроградда Октябрь куралдуу көтөрүлүшүнүн катышуучусу; 1918-ж. февр. - март айларында Петроградды Коргоонун революциялык комитетинин мүчөсү, кийин Петроградда Атайын комиссиянын председатели. РКП (б) нин 8-съездинин делегаты (1918); "Солчул" коммунисттерге кошулган. 1919-жылдан Чыгыш, кийин Түркстан фронтторунун бөтөнчө бөлүмүнүн начальниги, Бүткүл росс. БАКтын жана РСФСР ЭКС-тин Түркстан Комиссиясынын мүчөсү.
1921-жылдан ВЧКнын мүчөсү, кийин ОГПУ (Бириккен Мамлекеттик Саясий Башкарма), НКВД (Ички иштер эл комиссариаты) коллегия мүчөсү, ВКП (б) нин 15-17-съезддерине делегат. Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.