Жованни Боккаччо

Википедия дан
Боккаччо Жованни‎»‎ барагынан багытталды)
Боккаччо.

Боккаччо, Жованни [1313, Чертальдо (Тоскана облусу) же Флоренция -21.12.1375, Чертальдо] италиялык жазуучу. Кайра жаралуу доорундагы гуманисттик адабиятты баштоочулардын бири. Ал латын жана грек тилдерин билген. Антикалык мифологиянын сюжеттерин пайдаланып жазган поэмалары, «Фьяметта» (1343) психол. повести, пасторалдары, сонеттери бар. Учкул ойлуу, күлкү-тамашалуу «Декамерон» аттуу көрүнүктүү чыгармасында ал италия коомунун турмушун кеңири сүрөттөйт. Бул чыгармасы элдик анекдот, уламыш, оозеки аңгемелердин негизинде өз алдынча новеллалар катары жазылган. Китептин негизги пафосу католик чиркөөсүн жана дин кызматчыларын шылдыңдоо. Анын чыгармалары Италиядагы Кайра жаралуу доорундагы маданияттын өнүгүшүнө зор таасирин тийгизип, анын новеллалары бүткүл Европа адабиятында реализмди калыптандырууга салым кошкон. «Кузгун» поэмасы (1354-55), «Данте Алигеринин өмүрү» (1360, 1477-ж. жарык көргөн) жана башка китептердин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]