Бөкөнбаев
(«Боконбаев айылы» барагынан багытталды)
Айыл | |
Бөкөнбаев | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Ысык-Көл облусу |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1912 |
Мурунку аталышы |
Кольцовка |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Почта индекси |
722300[2] |
Бөкөнбаев ― Тоң районунун жана Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. 1912-жылы негизделген. Ысык-Көлдүн түшүгүндө Балыкчы–Каракол автомобиль жолунун боюнда Балыкчы темир жол бекетинен 88 км аралыкта жайгашкан. Үч орто мектеп, музыка жана спорт мектептери, кесиптик-техникалык окуу жайы, маданият үйү, оорукана,бейтапкана, китепкана, бала бакча жана калкты турмуш тиричилик жактан тейлөө мекемелери жана башкалар бар. Кыштак белгилүү акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин урматына аталган. 1944-ж. чейин Кольцовка деп аталган.
Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Калкы ― 14 267 (2021-жылы)[1]. Негизинен мал чарбасында жана дыйканчылыкта эмгектенишет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Кыргыз улуттук энциклопедиясы